Ошто коронавирустун алдын алуу максатында сот отурумдар жабык өтөт

Ош облусунун жергиликтүү сотторунда коопсуздук чаралары 19-марттан тарта күчөтүлдү. Соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкуловдун айтмында, сот отурумдарына мындан ары тараптар гана катыша алышат.

«Отурумга доогерлер, жоопкерлер, айыпталуучулар, жабырлануучулар жана алардын жактоочулары, өкүлдөрү, мамлекеттик айыптоочулар гана киргизилет. Вирустун жугушунун алдын алуу максатында ушул тартип киргизилди. Сотко келген тараптардан да беткап менен келүүсүн суранып жатабыз», — деди Осмонкулов.

Мындан сырткары Осмонкулов жергиликтүү соттун имараттары, соттук отурум өтүүчү жайлар, коридорлор жана бөлмөлөр толугу менен дезинфекцияланып, бардык кызматкерлер беткап менен камсыз болушканын кошумчалады.

Басма сөз катчы кырдаалга байланыштуу башка жарандарды ачык сот отурумдарына катышуудан карманууга суранды.

Кыргызстанда 6 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Алардын үчөө Сузак районунан, калган үчөө Ноокат районунан болуп чыкты. Оору жуктургандардын баары кичи ажылыкка барып келишкен. Учурда алар аймактагы ооруканаларда обсервацияга алынган. Ал эми аталган райондорго өзгөчө кырдаал режими киргизилген.