Кыргызстанда коронавирустун дагы 6 учуру катталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков 21-мартта билдиргендей, Кыргызстанда коронавирустун дагы 6 учуру катталды. Оору жуктургандардын бешөөсү Жалал-Абад облусунун Сузак районунан, бирөөсү Баткен районунда жашайт.

«Учурда канчасы сырттан, канчасы өлкөнүн ичинде жуктуруп алганы тууралуу эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Буга чейин оору жуктуруп алгандардын абалы туруктуу. Ал эми 74 жашка чыккан Жалал-Абад облусунун тургунунда коронавирустан сырткары кант диабети бар экен. Бирок ооругандардын баарында дене табы ордунда, жөтөл жок», — деди Исаков.

Сузак районунда коронавирусту жуктуруп алган кишилер 1630 адам менен, ал эми Ноокат районундагылар 734 адам менен байланыш түзүшкөн — учурда алардын баары обсервацияга алынган.

Коронавирусту жаңы жуктуруп алгандар да Сауд Арабиядагы умрадан келишкен.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустун жалпы 12 учуру катталды — алардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда жана бирөө Баткен районунда.

Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА: Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция