Ош облусундагы райондор аралык жолдорго блок-посттор орнотулду

Ош облусунун аймагына 22-мартта жалпы 31 тосмо жана 51 санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Посттор коронавирус менен ооругандарды аныктоо, илдетти жуктуруп алгандар менен байланышта болгон тургундарды тактоо жана оорунун андан ары жайылуусун алдын алуу максатында коюлду. Бул боюнча «Клоопко» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев маалымдады.

«Учурда Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат райондоруна блок-посттор коюлду. Кирип-чыгуу тартибин милиция жана медицина кызматкерлери көзөмөлдөйт. Тургундар жүйөсүз райондун аймагынан чыгарылбайт жана киргизилбейт. Эгер ооруп калган болсо дары-дармекке же азык-түлүк зарыл болгон болсо чыгарылат. Ал тургун кайра айтылган саатка келип калышы керек болот. Ошондой эле жакындары кырсыкка учурап же тажия болуп калса чыгарылышы мүмкүн. Ал эми оорулу менен байланышта болгон тургун болсо, анын атайын тизмеде аты-жөнү бар болсо чыгарылбайт», — деди Аширбаев.

Мындан сырткары Аширбаев азык-түлүк, курулуш иштерине керектүү шаймандарды жана башка буюмдарды ташыган ишкерлерге чектөө жоктугун кошумчалады. Алардын товарлары кармоосуз киргизилет. Ошондой эле жайлоого малды айдап бараткан тургундарга да чектөө жок, бирок мал базар үчүн чыга алышпайт.

Республикалык штабдын акыркы маалыматы боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 14 адамды түзөт. Алардын сегизи Сузак районунда, үчөө Ош облусунун Ноокат районунда, бирөө Баткен районунда жана экөө Бишкек шаарында. Буга байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция