Өзгөчө абал режиминде жарандар көчөгө чыгаарда анкета толтурушу зарыл

Ноокат району. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус катталган аймактарга өзгөчө абал жарыяланды. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Аталган убакыт аралыгында жарандардын көчөдө жүрүшүнө жана транспорттун кыйымылына тыюу салынат.

Бул деген ИИМ, медицина жана мамлекеттик кызматкерлерден тышкары бардык жарандардын кыймылы белгиленген убакытта чектелет дегенди түшүндүрөт.

Ал эми жарандар саат 07:00дөн 20:00гө чейинки убакытта бир гана азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага же медициналык мекемелерге бара алат — ал үчүн жарандардын жанында өздүгүн аныктаган күбөлүк жана толтурулган маршруттук анкета болушу керек.

Анкетанын ичинде көчөдө жүргөн жарандын аты-жөнү, телефон номери, үйдөн чыгышынын себеби, үйдөн чыккан жана кайта турган убактысы, жашаган жана бара турган жери жазылышы керек. Анкетаны колго толтурса болот.

Өкмөттүн сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, өзгөчө абал режими киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу жок жарандардан башкаларга кирүүгө тыюу салынган.

Режимде уруксат берилген ишканалардын жумушчуларынын кыймылына саат 07:00дөн 20:00гө чейин уруксат берилет. Бирок жаран жетекчисинен маалымат кат алышы керек, ал ишке ишкана уюштурган багыт боюнча жана ишкананын унаасы менен жүрүшү шарт. Бул тууралуу өтүнмө аймактын комендатурасынын кароосуна компаниянын жетекчисинин колу жана мөөрү менен жөнөтүлөт. Аймактын комендатурасы көчүрмөсүн унаа каражаттар жүрүүчү тиешелүү райондун блок-постторуна беришет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция