Өзгөчө абал жарыяланган аймактарга комендаттык саат киргизилет

Кыргызстандын айрым аймактарында коронавируска байланыштуу 25-марттан тарта 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилет. Алардын ичинде — Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, ошондой эле өзгөчө абал Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондору бар.

ИИМдин башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев аталган аймактарга кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилгенин маалымдады. Коменданттык саат учурунда жарандардын көчөдө жүрүүсүнө жана унаалардын кыймылына тыюу салынат.

Ал эми өзгөчө абал киргизилген аймактарда жүргөн меймандар 24-марттын түнкү саат 00:00гө чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү керек.

Өзгөчө абал — Кыргызгызстандын бүткүл аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде киргизилүүчү анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын иштерине өзгөчө укуктук тартип киргизүүчү, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара.

Кыргызстандын калган аймактарында 22-марттан тартып бир айга өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. Буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаал өзгөчө абалдан чектөөлөр салыштырмалуу аз болгону менен айырмаланаарын айткан.

«Өзгөчө кырдаал учурунда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Элдердин жүрүм-турумуна чектөөлөр коюлат. Бирок экономикалык жана ошол сыяктуу башка иш-чаралар акырындык менен ишке аша берет. Элдин күнүмдүк турмушу уланат, бирок зарылдыгы болбогон учурда ары-бери каттап, коомдук жайларга баруусуна, топтошуп чогулууга тыюу салынат», — деп түшүндүргөн Боронов.

Өзгөчө кырдаал — Кыргызстандын белгилүү бир аймагында адамдардын курман болуусу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келүүсү, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында болуучу кырдаал.