Өзгөн районунда коронавирустун үч учуру катталды

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 27-мартта коронавирустун жаңы 14 учуру катталганын маалымдады.

Алардын жетөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунан, калган жетөө Ош облусунун аймагында катталды — Ош шаарында жана Кара-Суу районунда бирден, Ноокат районунда эки жана Өзгөн районунда үч учур.

«Он төрт адамдын ичинен ону аял киши, ал эми төртөө эркек киши. Беш киши умрадан келгендердин арасынан, ал эми тогуз киши мурда [коронавирус менен] катталгандар менен карым-катнашта болгон», — деди Акматова.

Жаңы катталган учурларды эске алганда Кыргызстанда коронавирустун жалпысынан 58 учур катталды. Алар менен байланышта болгондор аныкталып, карантинге алынган.

Ал эми мындан мурун оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулган алты кишинин бешөөнүн абалы жакшы болгонуна байланыштуу палатага которулган. Ал эми Жалал-Абад облусттук ооруканада жаткан 71 жаштагы киши дагы деле жандандыруу бөлүмүндө калууда.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция