Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган эки адам аныкталды

Республикалык штабдан 31-мартка карата өлкөдө коронавирустун жаңы 13 учуру катталганын кабарлашты. Анын экөө Ысык-Көл облусунда катталды.

Ушуну менен Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен ооруну жуктургандардын саны 107 адамга жетти. Алардын үчөөнүн абалы «оор» деп бааланууда, анын ичинен бир киши жасалма деп алдыруучу аппаратка туташтырылды.

Бийлик коронавирус жуктурган алгачкы адамдар тууралуу 18-мартта билдирген. Анда кичи ажылыктан кайтып келген үч эркек кишиден алынган анализ таза эмес чыккан. Андан кийин коранавирус башка да умрачылардан жана алардын айланасындагы адамдардан, анын ичинде эки жаш баладан аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаңы жуктуруу учурлары эми сырттан алып келинген деп эсептелбейт. Кийинки учурлар өлкө ичинде адам бири-бирине жуктургандыктан катталып жатканынан кабар берет.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.