Коронавирус жуктургандардын саны 111 адамга жетти

1-апрелге карата абалга ылайык, Кыргызстанда коронавирус дагы төрт адамда аныкталды. Жуктуруунун жаңы учурлары Жалал-Абад, Чүй облустарында, Сузак районунда, андан тышкары Кара-Көл шаарында катталды.

«Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен бирөө сырттан келген (Орусиядан), үчөөсү оорулуулар менен байланышта болуп жуктуруп алышкан», — деп билдирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов.

Жуктургандардын көбү өлкөнүн түштүгүндө — Жалал-Абад жана Ош облустарында коронавирус 54 жана 38 адамда аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, үч бейтап оор абалда. Буга чейин үч адам Жалал-Абад облустук ооруканасынан айыгып чыгарылган. Дарылоодон кийин алардан кайталап алынган анализдер таза чыккан.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция