Ошто аялы милиционерди коркуткан УКМКнын кызматкери иштен бошотулду

Ош шаарында милиционерди «УКМКда күйөөм иштейт» деп коркуткан аялдын жолдошу кызматынан алынды. Мекеменин басма сөз кызматынан «Азаттыкта» аталган аялдын жолдошу Гапар Аманов жарым ставкада дарыгер катары иштеп келгенин, окуядан соң аны менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылганын кабарлашкан.

Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча коменданттын басма сөз кызматынан окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын маалымдашты.

«Коронавируска байланыштуу шаардын ичиндеги кыймылды азайтуу жана чектөө максатында унаалар токтотулуп аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул айдоочу да ошентип токтотулган, бирок ал баш ийбей кайым айтышууга өткөн», — деди коменданттын маалымат борборунун кызматкери Замир Сыдыков.

Аталган факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бийлик өкүлүн коркутуу жана ага карата зомбулук» беренеси менен катталды.

31-мартта социалдык тармактарда айдоочу аял менен милициянын ортосунда кайым айтышуу орун алган видеотасма тараган. Тасма Ош шаарында тартылып, айдоочу милицияны Улуттук коопсуздук кызматында иштеген жолдошун айтып коркутканын көрүүгө көрүүгө болот.

«Сен кимсиң? [...] Мен азыр УКМКга чалам, ал жакта менин күйөөм иштейт. Мени коркутуп жатканын. Үйгө коё бер мени!» — деп нааразы болгон айдоочу.

Буга чейин 27-мартта Ошто инспектордун токтотуу талабына баш ийбей, аны капотуна сүйрөгөн «Хонда-фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна аталган берене менен иш козголгон. Айдоочу унааны токтотпой качууга аракет жасаганда инспектор капотко жатып алууга аргасыз болгон жана табелдик курал менен абага эскертүү огун чыгарган.