Ошто патрулдук милиционерди унаасынын капотуна сүйрөгөн айдоочуга иш козголду

Ош шаарында инспектордун токтотуу талабына баш ийбей, аны капотуна сүйрөгөн «Хонда-фит» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна иш козголду. Сотко чейинки өндүрүш иши «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренеси менен ачылды.

Окуя 27-мартта саат 10:30да болгон. Ош облусу боюнча коменданттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, айдоочу унааны токтотпой качууга аракет жасаганда инспектор капотко жатып алууга аргасыз болгон. Ошондой эле аны токтотуу үчүн патрулдук милиционер табелдик курал менен абага эскертүү огун чыгарган.

«Учурда шаардын ичинде унаалардын жүрүшүнө чектөөлөр коюлуп жатат. Унаалар токтотулуп, эмне үчүн жүргөндүгү тууралуу суралат. Андан кийин ар бир айдоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошол үчүн токтотулган», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Аталган унаанын айдоочусу тергөөдөгү алгачкы суракта мыйзамга баш ийбегендигин «бир жерге шашылыш бара жатып, ушул окуяга туш болдум» деп түшүндүргөн.

Учурда милиция кызматкеринин алган жараатынын оордук даражасынын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

27-мартка караган түндө Бишкек шаарында коменданттык саат учурунда блок-постто милиционерге баш ийбеген айдоочуну кармоо маалында абага табелдик курал менен бир нече жолу ок чыгарылган.

Ал эми «Азаттык» басылмасы милицияга каршылык көрсөткөн жаран Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдошев болгонун жазды. Басылманын маалыматына ылайык, Молдошев окуя болгон күнү унааны мас абалында башкарган.

Кыргызстанда 25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус катталган аймактарга өзгөчө абал жарыяланды. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Жалал-Абад облусунун Сузак району, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда кечки саат 20:00дөн эрте мененки 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.