Президент вице-премьер-министрди жана саламаттык сактоо министрин кызматтан бошотту

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жана вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Чолпонбаев менен Өмүрбекованын кызматтарынан алынышына эмне себеп болгону билдирүүдө көрсөтүлгөн эмес, бирок буга чейин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жээнбеков Космосбек Чолпонбаевди коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча өлкөдө жетишээрлик чаралар көрүлбөй жатат деп сынга алган.

Негизинен Жээнбеков Саламаттык сактоо министрлигинин лабораториялардын техникалык даярдыгына, анын ичинде ведомство врачтарды коргонуу каражаттары менен жетишээрлик камсыздабай койгонуна нааразы болгон.

Космосбек Чолпонбаев 2018-жылы саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Буга чейин ал Кыргызстандын фармацевтикалык бирикмесин жетектеп, ошондой эле дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.

Алтынай Өмүрбекова да вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы апрелде келген. Өкмөткө мүчө болуп келгенге чейин ал «Республика — Ата-Журт» фракциясынын парламенттеги депутаты болуп иштеген.

Бул аткаминердин экөөсү тең өкмөткө Сапар Исаков бошотулгандан кийин учурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин командасы менен кошо келишкен.