Бишкектин карантиндик аймагы кеңейтилип, кошумча санитардык посттор орнотулат

Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев билдиргендей, жакынкы эки күндө коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктайт.

Буга байланыштуу Бишкектин «кошумча тилкелеринде кыймыл чектөөгө алынат».

Карантиндик аймак кеңейтилип, адамдар менен автотранспорттордун чогулушун болтурбоо жана кыймылды чектөө максатында базарлардын жана супермаркеттердин алдына санитардык-карантиндик посттор коюлат.

«Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз», — деп үйгө отурууга үндөдү Орозалиев.

Мындан тышкары, Бишкек шаарына кире бериштеги санитардык-өткөрмө пункттарынын биринде автотранспортту дезинфекциялоочу жабдык орнотулган. Аны жергиликтүү ишкерлер иштеп чыгышкан.

Ушундай эле дезинфекциялоочу жабдыктар борбор калаага кире беришиндеги негизги пункттарда да орнотулмакчы.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб өтө зарыл болгондо гана дарыканага же азык-түлүк алып келгенге гана чыкса болоорун эскертти. Ар бир адам жанына паспорт менен маршруттук баракча алып жүрүшү керек.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция