Кыргыз-тажик чек арасынын чыр көп катталган аймактарына жол чырак жана видео камера орнотулду

Кыргызстандын Жака-Өрүк тилкесинен өткөн Баткен — Исфана жана Тажикстандын Исфара — Ворух жолдорунун кесилишине эки өлкө биргеликте төрт жол чырак орнотту. Бул жол коопсуздугун алдын алуу максатында жасалды. Мындан тышкары Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын аймактарына чыр-чатакты алдын алуу максатында видеокөзөмөл камералары орнотулду.

Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын айтымында, буга чейин өкмөттүк комиссиялардын жолугушуусу өткөн. Анда тараптар чек ара аймактарындагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, айрым орун алган чыр чатактарга так, туура анализ жүргүзүү максатында жол чырактарды жана байкоо камераларын орнотуу боюнча протоколго кол коюшкан.

«Аталган аймактарда чыр чатактар көп катталат. Үйлөр болсо шахмат түрүндө жайгашкан. Ал жерден кыргыз жарандар да, тажик жарандар да өтүп турат. Чыр чатак болгондо болсо тараптар бири-бирин күнөөлөшөт. Ошондуктан эгерде жаңжал чыга турган болсо укук коргоо органдары видео жазуулардын негизинде күнөөлүүлөрдү аныкташат», — деп түшүндүрдү Бердигулова.

Баткен — Исфана жолу менен Исфара — Ворух жолдорунун кесилишинде чыр-чатактар байма-бай болуп турат. Мындан улам кыргыз жарандары Ворух анклавына кетчү жолду тосушат. Аталган жол тосулса Тажикстандын анклавы изоляцияда калат. Ал эми тажикстандыктар Исфарага алып барчу жолду буушат. Бул учурда кыргызстандыктар Исфара шаарына Ак-Сай — Рават жолу аркылуу айланып каттап калышат.

Ал эми Көк-Таш жана Ак-Сай айылдары Тажикстандын айылдары менен чектешип, үйлөр болсо шахмат түрүндө жайгашкан. Чырдын көбү чек ара тилкелери такталбагандыктан, турмуштук жаңжалдын айынан, жер жана суу талаштан улам болот.