Москвада өрт кырсыгынан 39 жаштагы кыргызстандык каза тапты

Орусиянын Москва шаарында инфекциялык оорукананын курулушунда чыккан өрттөн Кыргызстандын 39 жаштагы жараны каза тапты. Тилсиз жоо 5-апрелдин таңында жумушчулар жашаган чатырдан чыккан.

Маркум Нургазы Баймурзаев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Каарман айылынын тургуну болгон. Аны менен чогуу курулушта иштеген Нурбек Абдрахманов «Азаттыка» Баймурзаев өрт чыкканда документтерин алуу үчүн чатырга кирген бойдон чыгууга үлгүрбөй калганын айткан.

Нургазы Баймурзаев

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова «Азаттыкка» билдиргендей, элчиликтин кызматкерлери кырсык болгон жерге чыгып кетишкен. Айрым ЖМКлар өрттүн себебин жылытуучу меш болгон деп маалымдашкан.

Баймурзаевдин айылдаштары анын сөөгүн мекенине жеткирүүгө жана жерге берүүгө атайын эсепке акча чогултуп жатышат.

Өрт курулуштун аймагында биринчи жолу чыккан жок — буга чейин, 30-мартта, жумушчулар жашаган жети чатыр күйгөн, анда иштегендердин кийим-кечеси, документтери өрттөнгөн.

Коронавирустан дарылоочу оорукананын курулушу 12-мартта Жаңы Москвада башталган. Апрелдин ортосунда курулуп бүтөөрү айтылган оорукана 500 орунга ылайыкталган. Анын курулушуна миңдеген мигранттар тартылган, анын арасында жүздөгөн кыргызстандыктар да бар.