Ошто блок-постто нөөмөттө турган кишини сабоого айдоочу шектелүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүндө коюлган блок-посттордун биринде нөөмөттө турган жергиликтүү тургун сабалды. Маалыматка ылайык, окуя 5-апрелде күндүзгү саат экилер чамасында болгон.

25 жаштагы жабырлануучу Ак-Буура-2 айылынын менен Учар айылынын ортосуна коюлган тосмону күзөттөгөн. Аталган посттон «Хонда Цивик» унаасынын айдоочусу Учар айылына өтүүгө аракет кылганда, нөөмөттө тургандар анын уруксат кагазы жоктугунан аймакка киргизишпей койгон. Кийинчерээк нөөмөттө турган бала сабалган.

Аны сабоого шектелип жогорудагы айдоочу кармалды, ал көрсөтмөлөрдү берип жатат. Бул окуя боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Жабырлануучу берген арызына ылайык аны бир адам эле сабаган, башкалар кийин бөлүштүрүшкөн [...] Учурда ал постто милиция кызматкерлери турушат», — деди Оштун комендантынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Сабалган жаран менен чогуу постто турган Майсалбек Тилековдун айтымында, жабырлануучуну кеминде үч бала сабаган.

«Биз сабаган адамды тааныбайбыз. Биз жактан өткөнү келгенде өткөргөнбүз. 40 мүнөттөн кийин эле 5 таанышы менен келиптир. Мага “бул бала менен сүйлөшүп алалы” деп, үчөө баланы алысыраак алып кетишкен. Көрсө алар сабаганы келиптир. Тез жардам чакырган жокпуз. Бала өзү ооруканага барды», — деген Тилеков «Турмуш» басылмасына берген интервьюсунда.

Кыргызстанда коронавирустун биринчи учурлары катталган аймактарга 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Алардын ичинде Ош облусунун Кара-Суу району да бар. Аталган аймактарда атайын санитардык-карантиндик посттор коюлуп, саат кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат киргизилген.