Соцөнүгүү министри Кочкоров «ундан курт чыкты» деген тасма боюнча милицияга кайрылат

Материалдык резервдер фондунун уну. Сүрөт: Өкмөттүн сайтынан алынды

Материал жаңыртылды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «ундан курт чыкты» деген тасма боюнча 7-апрелде укук коргоо органдарына расмий түрдө кайрылаарын «Клоопко» билдирди. Анын айтымында, милиционерлер өкмөт тараткан ун сатылып жатат деген маалыматты да териштирип чыгышат.

«Мамлекеттик резеврдин унун мен сактабайм, мен жасабайм, бул мамлекеттик резервдин жоопкерчилигине кирет. Менин укук коргоо органдарына кайрылуумдан кийин менимче алар эгер чын эле ошондой болуп калган болсо, эмнеге ошондой болгон жана ага ким күнөөлүү баарын териштирет», — деди Кочкоров.

Ошондой эле ал бүгүн республикалык штабдын жыйынында бул маселени көтөрөөрүн кошумчалады.

Материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов унда курт болгон деген маалыматты жалган деп атады. Анын айтымында ун кыш айларында курттабайт, ал эми тасмадагы курттар өрүк же алмада болот.

«Көпөлөк учуп чыга элек, ал урук таштайт унга. Курттаганга негиз болуш керек да. Көпөлөк майдын аягында учуп чыгат. Унга курт июндун аягында түшөт», — деп айтты Каракулов.

Ал тасмадагы ун биринчи сорт болгонун тастыктап, анын түсүнүн карараак болгонун кыргыз буудайынын түсүнө байланыштуу деди.

Мирбек Уметалиев атуу фейсбук колдонуучусу өз баракчасына 6-апрелде өкмөт тараткан ундун сапатын сынга алган тасма жүктөгөн. Анда аял киши унду ээлегенден кийин андан «курт чыкканын» айтып көрсөтүп берген.«Бүгүн муктаждарга ун берилди [...] Мен унду ээлей баштаганда, андан мындай [ыпыр-сыпырлар] чыкты. А бул курттар. Элге ушундай ун таратылып жатат, алар экинчи сорттогу адамдардай. Бул деле боло берет дегендей… Мен эми эле ээлей баштадым эле», — деп даттанган аял.

Ундун кабынын сыртында Кыргыз Республикасына караштуу материалдык резервдер фонду деп жазылуу. Ошондой эле ун биринчи сорт, 50 кг деп жазылып турат. Бирок тасманы тарткан аял ун биринчи сорт болгонуна шек санаган.

Аталган тасма жарыяланган посттун астына интернет колдонуучулар «кимдин бизнесин жүргүзүп жатышат?» деген суроо калтырып, «ушундай кырдаалда өз пайдасын ойлоп, элди курт баскан ун менен уулап жатышат» деген пикирлерин жазышкан.

Кыргыз өкмөтүнүн сайтында 2-апрелде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык резервдер фондунан 790 тонна ун бөлүнгөнү маалымдалган. Алардын 257 тоннасы Бишкек шаарына, 205 тоннасы Ош облусуна, 250 тоннасы Жалал-Абад облусуна жана 80 тоннасы Ыссык-Көл облусуна таратылган. Кийинчерек Ош облусуна резервдер фондунан дагы 1325 тонна ун берилгени кабарланды.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта катталган. Буга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, бир катар аймактарда өзгөчө абал режими киргизилген. Кыргызстан боюнча базарлар жабылып, жеке менчик ишканалардын иши токтотулган. Ошондон улам өлкөдө миңдеген үй-бүлөлөрдө азык-түлүккө муктаждык жаралган.