Жардам штабына өлкө боюнча 210 миңден ашуун кайрылуу келип түштү

Жардам штабы. Сүрөт: Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин фейсбук баракчасынан алынды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров 7-апрелде өткөн брифингде Жардам штабына өлкө боюнча 210 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөнүн билдирди. Азырынча штаб 49 245 муктаж жаранды азык-түлүк менен камсыз кыла алды — бул жалпы кайрылуулардын 23 пайызын түзөт.

«Өкүнүчтүүсү колунда бар, жашоо шарты жакшы адамдар да жардам сураган учурлар болуп жатат. Мындан ары жардамга муктаж жарандардын тизмеси жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен бирге текшерилип анан берилет», — деп маалымадады министр.

Кочкоров 2020-жылдын 1-мартына карата өлкө боюнча 425 миң 800 жаран мамлекеттик жөлөкпул алышаарын айтты.

Кыргызстанда коронавирус жайылышынан улам ишканалар жабылып, тамак-ашка муктаж болгондордун саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларында Жардам штабы түзүлгөн. Штаб аймактарда да ачылары айтылган. Мындан тышкары атайын эсеп ачылган. 7-апрелде соцөнүгүү министрлигинин депозиттик эсебине 6,5 млн сомдой келип түшкөнү кабарланды.

Азык-түлүктөн жардамга муктаж жарандар штабга билдирүү калтыруу үчүн «1227» ыкчам байланыш номери, 0558 526001 whatsapp номери, «Народный штаб — Биз барбыз» Telegram-каналы, «Жардам берем» уюлдук тиркемеси, «Штаб помощи» Facebook баракчасы аркылуу кайрыла алышат.