ТИМ: Чет өлкөдө коронавирус жуктурган 23 кыргызстандык бар

Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымдагандай, чет өлкөдө коронавируска чалдыккан 23 кыргызстандык бар.

Ал Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү элчиликтери менен консулдуктары жарандар менен дайыма байланышта болуп атканын кошумчалады.

COVID-19га чалдыккан жети кыргызстандык Пакистанда. Дагы төртөө Малайзияда, алардын бирөөсү сакайып, ооруканадан чыккан. Дагы үч жаран БАЭде, бирөө Индияда жана дагы бири Испанияда үй карантининде.

Ниязалиев 6-апрелде Кыргызстанга Екатеринбургдан 17 кыргызстандык учуп келген чартердик рейс конгонун эске салды. Алардын төртөөсүндө экспресс-тесттер коронавирустун оң жыйынтыгын аныктаган.

Мындан тышкары, АКШдагы сегиз кыргызстандыкта коронавирустук инфекцияга байланыштуу шек бар. Алар үйдө дарыгерлердин байкоосунда жатышат.