Бир сутканын ичинде 16 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өткөн суткада коронавирусту жуктуруп алган дагы 16 медкызматкер тууруалуу маалымдады. Алардын ичинен тогузу Бишкекте, төртөө Ош облусунда, экөө Ош шаарында жана бирөө Баткен облусунда.

«Мунун себептери ар кандай болушу мүмкүн: ооругандар менен өтө жакын [аралыкта туруп] тейлеп жаткан учурда же болбосо ошол жерде көп убакыт болуп жугузуп алышы мүмкүн. [...] Ар бир медицина кызматкерлердин жугузуп алганын тыкыр комиссия аркылуу изилдеп чыгып жатабыз», — деди Үсөнбаев.

Жалпысынан коронавирусту жуктуруп алган медицина кызматкерлердин саны 79га жетти — алар бир гана дарыгерлер эмес. Коронавирусту жуктуруп алгандардын ичинде медайымдар, санитарлар жана санэпидемкөзөмөлдүн кызматкерлери да бар.

Коронавирусту жуктуруп алган медкызматкердин үчөөсү оор абалда.

Саламаттык сактоо министрлиги 8-апрелден тарта ай сайын медкызматкерлердин негизги маянасына 29 миң сомдон 46 миң сомго чейинки кошумча акча төлөнүп берилээрин маалымдаган. Төлөмдүн өлчөмү медицина кызматкеринин категориясына жана анын жуктуруу очокторунда канча убакыт бою жүргөнүнөн көз каранды.

Ал эми иш убактында коронавирусту жуктуруп алган медперсоналга 200 миң сомдон компенсация төлөнүшү керек. Эгер медик кокус каза тапса, анда анын үй-бүлөсүнө миллион сом берилет.