Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын кызматкеринде коронавирус аныкталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык масштабдагы саламаттык уюмдарынын кызматкерлеринин бири коронавирус жуктуруп алганын кабарлады.

«Аталган кызматкер ыкчам штабда иштөө үчүн тартылган. Ал коронавирус жуктуруп алган. Бул кандай жагдайларда болгону учурда иликтенүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат», — деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, медиктер аталган кызматкер байланышка барган адамдардын бардыгын тактап, кароодон өткөрүшкөн.

«Бүгүнкү күндө алардын жыйынтыктары терс. Биз байкоо жүргүзүп, бардык керектүү чараларды көрүп жатабыз», — деди ал.

Буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев ведомствонун башчысы Сабиржан Абдикаримов Жалал-Абад облусунан келээри менен кызматына киришкенин айткан.

Жалал-Абад облусу инфекция жуктургандардын саны боюнча өлкө боюнча экинчи орунда турат. Каратаевдин айтымында, саламаттык сактоо министри карантинде болгон эмес, бирок коронавируска тест тапшырган жана ал тесттин жыйынтыгы терс болуп чыккан. Эреже боюнча, ооругандар менен байланышта болгондор же инфекциянын жайылышынын очогунда болгондор 14 күн карантинде болушу керек.

13-апрелге карата, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 419 адам катталган. Алардын ичинен 79 адам — медкызматкерлер, үчөө оор абалда.

Пандемия маалында өлкөдө беш адам каза таап, 60 ашуун адам айыккан.