Медиктин кечирим суроосуна тиешебиз жок — УКМК

УКМК врач Бектур Апышевге карата эч кандай чара колдонбогонун билдирди. Буга чейин Ысык-Ата райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеген Апышев медиктерге коронавирустан коргонууга сапаты начар беткаптар берилгенин билдирип, бирок кийинчерээк эмнегедир кечирим сураган.

«Анын [кечирим] сурап жаткан видеосуна УКМКнын эч кандай тиешеси жок», — деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын билдирүүсүндө күч кызматкерлери жалган маалымат тараткандарды аныкташканын, алардын ичинде медиктер да болгону айтылат. Бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин коё берилген.

«Коронавируска байланыштуу абалдын шартында айрым адамдар так эмес маалыматтарды жайылтуу, анын ичинде COVID-19га каршы күрөшүүдө аракеттенип аткан бардык түзүмдөрдүн ишин дискредитациялоо жолу менен өздөрүнө арзан пиар жасоого аракет кылышууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Апышев өзүнүн твиттеринде медиктер үчүн коргонуу каражаттары менен транспорттун жетишсиздигин билдирген. Кийинчерээк ал кысым көрсөтүү болгонун жазган, андан соң аккаунтун өчүрүп салган. Көп өтпөй анын коргоо каражаттары тууралуу жалган маалымат бердим деп кечирим сурап жаткан видеосу пайда болгон.

Укук коргоочулар менен парламенттин депутаттары жаш дарыгерди коргоп чыгып, медиктерге кысым болбошу керек деп билдиришкен.

Эл өкүлү Дастан Бекешев бул жагдайда УКМК ыйгарымдарынан аша чаап, өзүн жазасыз сезип алды деп билдирген. Ал парламенттин токтом долбоорун иштеп чыгып, ал жакта күч түзүм кызматкерлери менен укук коргоо органдары медкызматкерлерге кысым көрсөтпөшү керектигин жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК ыйгарымдарынан аша чаап, жазасыздыгын сезип калды — Бекешев