Саламаттык сактоо министрлигинин күзөт кызматкеринде коронавирус аныкталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ведомствонун имаратында иштеген күзөтчүдө анализ коронавирус көрсөткөнүн кабарлады.

«Азыр ал кайдан жуктурганын аныктап жатабыз. Муну эпидемиологиялык иликтөө көрсөтөт. Биз аны учурда обочого алдык, дарыланып жатат. Борбордук аппараттын калган кызматкерлеринин анализдери терс», — деп билдирди Үсөнбаев.

Ал кошумчалагандай, инфекция жуктуруп алган адамда COVID-19дун клиникалык белгилери болгон эмес.

13-апрелдеги брифингде министрдин орун басары «ыкчам штабдагы жумушка» тартылган саламаттык сактоонун кызматкеринде COVID-19га тапшырган анализи оң болуп чыкканын ырастаган.

Орун басардын айтымында, аны менен байланышта болгон адамдардын баарынан анализдер алынып, баарынын жыйынтыгы терс болуп чыккан.

14-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 430 адамга жетти. Алардын арасында 83ү медкызматкер.

Пандемия маалында өлкө боюнча коронавируска чалдыккан беш бейтап каза таап, 71 адам айыгып кеткен.