Президенттик аппарат ЖМКлардын аккредитация маселесин кайра карап чыгууну сунуштады

Сүрөт: «Азаттык» үналгысы

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Коронавирус менен каршы күрөш боюнча республикалык штабга жана аймактардагы коммендатураларга өзгөчө абал учурунда ЖМКларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштады.

«Ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогорку коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Бишкектин коммендантты Алмазбек Орозалиев журналисттерге өзгөчө абал маалында шаарда ишмердүүлүк жүргүзүүгө аккредитация берилбесин билдирген. Мындай чечимди ал журналисттердин ден соолугунун коопсуздугуна кам көрүү максаты менен негиздеген. Ошондой эле Ошто дагы журналисттерге үйдө иштөө талап кылынды. Буга баш ийбей коомдук жайда иштеп жаткан журналисттер обсервацияга алынаары айтылды.

Ал эми «Медиа Полиси Институтунун» юристтери коменданттын иш-аракетин сынга алып, Конституциянын ченемдерине туура келбесин маалымдашкан.