Кадамжайда окуучулар интернет жеткиликсиз болгондуктан аралыктан билим алууда кыйналып жатышат

Сүрөт: Билим берүү министрлиги 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шыбран айылынын тургундары мобилдик интернет байланышынын жоктугуна жана айрым телеканалдардын жеткиликсиз болуп жатканына даттанышты. «Турмуш» басылмасына тургундардын бири бул көйгөйлөр карантин учурунда мектеп окуучуларынын аралыктан билим алуусуна тоскоолдук жаратып жатканын айткан.

Жашоочулар балдар сабак окуу үчүн атайын антенна тарткан дөңсөлөргө чыгууга мажбур экендигин айтышып, бийлик өкүлдөрүнөн маселени чечип берүүсүн суранышкан.

Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров «Клоопко» аталган айылда интернет байланышын жакшыртуу боюнча райондук билим берүү башкармалыгы менен биргеликте «Альфа Телеком» компаниясына кат жолдонгонун билдирди. Ошондой эле Имаров телеканалдардын жеткиликтүү болушу коюлган антенналардын сапатына байланыштуу деп ишендирет.

«“О!” компаниясына мурунку аким антенна коюп бергиле деп кайрылуу жасаган экен. Шыбранда чындыгында эл аз анан 90 эле окуучу бала бар болгондуктан азырынча коюша элек. Мектепке негизи кабелдик интернет кирген, бирок азыркы кырдаалга байланыштуу мектептер иштебей, балдар үйүнөн окуп жатпайбы», — деди Имаров.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова Шыбран айылында интернет байланышында көйгөй бар экенин тастыктап айыл өкмөтү антенна орнотуу үчүн жер бөлүп бергенин айтты.

«Жер жерлерде окуучулардын дистанттык окуудагы шарттарынын абалы аныкталып жатат. Ошого жараша шарт түзүү мүмкүнчүлүктөрү чечилет. Ал эми каражат жагын ар бир айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен ажыратышат», — деди Бердигулова.

Коопсуздук кеңеши коронавирустун жайылышына байланыштуу 16-мартта мектептер менен жогорку окуу жайларды карантинге жапкан. Мындан улам мектеп окуучулары жана студенттер окууларын аралыктан улантып жатышат.

Учурда 1-4-класска чейинки окуучуларга «Баластан» телеканалында билим берүү стандарттарынын негизинде видеосабакатар уюштурулуп, ал эми 5-класстан 11- класска чейинки окуучулар үчүн сабактар «ЭлТР», «Илим-Билим», «Пирамида» жана «5 канал» телеканалдары аркылуу көрсөтүлүп жатат.