Медиктер Бишкектеги блокпосттордун ишине даттанышты

«Партнёрская сеть» Ассоциациянын башчысы Айбар Султаналиев 16-апрелде фейсбукта медкызматкерлердин Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевге жолдогон видео жана кат түрүндө кайрылуусун жарыялады. Видеодо медиктер жумушка баратканда блокпосттордон утур-утур кыйынчылыктарга туш болуп атышканына нааразы болушкан.

Медиктер эмне деп айтышууда?

№6 поликлиникада рентген-лоборанты болуп иштеген медкызматкер Айзада Жакыпова жеке автоунаасы менен жүргөндүктөн күн сайын блокпосттордон уруш-талаш жаралып атканын айтты.

«Иштеген жерибизден маалым кат болсо да өткөрбөй жатышат. Жеке унааңар менен жүрбөшүңөр керек, жөө жүрүшүңөр керек деп жатышат», — деп билдирди ал.

Ал өзү жашаган аймакта медиктер үчүн транспорт жок болгондуктан жеке автоунаасы менен жүрүүгө аргасыз экенин белгиледи.

«Биздин райондон медициналык маршрутка жүрбөйт, ошондуктан жаныма кошо биздин үч кызматкерди алып жүрөм. А бизди өткөрбөй жатышат», — дейт ал.

Ал эми экинчи медкызматкер №6 Үй-бүлөлүк медицина борбордун жетекчисинин орун басары болуп иштээрин жана жумушка Канттан, кээ бир кесиптештери Новопокровкадан бери келишээрин айтты.

«Күнүгө Бишкекке кирээрде маселе жаралат, өткөрүшпөйт, анткен менен алдыңкы айнекте өткөрмө барак чапталып турат. [...] Блокпосттордун кызматкерлеринен атыңар ким деп сурасак оройлонушат», — деди ал.

Комендатуранын позициясы

Бишкек шаардык комендатурасынын басма сөз катчысы Улан Жумаков аталган фактылардын бардыгы боюнча териштирилээрин айтты.

Ал кошумчалагандай, Бишкектин комендатурасынын буйругуна ылайык, эгер жумушунан алынган маалым кат, маршруттук баракча жана мекемеге же уюмга жол-жоболоштурулган өткөрмө бар болсо, баардыгы тоскоолсуз өткөрүлүшү керек.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев 11-апрелдеги брифингде калаанын айланасында 32, карантин аймагында 79 ири блокпост жана 64 тышкы санитардык блокпост коюлганын айткан.

Бишкекте өзгөчө абал режими 25-мартта коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн киргизилип, жакында эле кайра 30-апрелге чейин узартылган. 16-апрелге карата абалга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктуруу учурларынын саны 466га өстү. Ошол эле маалда алардын ичинен 104 адам медкызматкер.

Кыргызстанда жалпысынан пандемия убагында коронавирустан беш бейтап каза таап, 91 адам айыккан.