Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 489га жетти — жаңы 23 учур катталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-апрелге карата коронавирустун жаңы 23 учуру катталганын брифингде маалымдады. Вирус шарттаган өпкө илдетин жуктуруп алгандардын 12и медкызматкер.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 489ду түздү. Алардын 223ү эркек, 266сы аял кишилер. Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 93, Ош облусунда – 135, Ош шаарында – 73, Чүй облусунда – 28, Бишкек шаарында – 102, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 45, Ысык-Көл облусунда – 8.

Инфекциялык оорудан 5 киши каза таап, 114 киши айыкты. Ал эми ооруканаларда 370 адам жатат — алардын 13ү оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө төрт бейтап калууда.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7 593тү түздү — алардын 1 612си ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү.

Ал эми жалпысынан 30 379 адамдан анализ алынып, 17-апрелге карата 29 550 кишинин анализинин жыйынтыгы чыкты. Бир сутканын ичинде 1 133 анализ жүргүзүлдү.