Ош облусунда коронавирус жуктургандардын саны 200дөн ашты

Ош облусунда 17-апрелге карата коронавирустун жаңы 6 учуру катталды – алардан бешөө медкызматкер. Облустагы жалпы оорулуулардын саны 208ди түздү.

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жуктуруп алуу учурунун эң көбү Ош облусунда катталды: Ош шаары – 73, Ноокат районунда – 101, Кара-Суу району – 24, Өзгөн району – 9, ал эми Чоң-Алай районунда бир учур.

Буга чейин милиция Ошто коронавирус илдетин жуктуруп, ал фактыны жашырган тургунга карата сотко чейинки өндүрүш баштаган. Комендатурадан аталган жаран тогуз кишиге коронавирус жуктурганын маалымдалды.

Аталган аймакта 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген.

17-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 23 учуру катталды — жалпысынан 489 учур. Өпкө илдетине чалдыккандардын бешөө каза таап, 111 адам айыкты. Ооруканаларда 370 адам жатат — алардын 13ү оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 4 бейтап жатат.