Малик Нурдинов: Ошто коронавирусту жуктурганын жашырган тургун 5 жылга кесилиши мүмкүн

Ош облусунда коронавирус илдетин жуктуруп, ал фактыны жашырган тургунга карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Ош шаары жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов 7-апрелдеги брифингде билдирди.

«Бир жаран өзүнүн ооруганын билип туруп, жашырып, тууган-туушкандары жана теңтуштары менен катташып жүрө берген. Анан ооруй баштаганда текшерсек, ушул илдетке кабылыптыр. Анын досторунан жана иштеген жериндеги адамдардан да вирус табылып калды», — деди Нурдинов.

Учурда ал жаран обсервацияга алынган. Комендант ал адам обсервациядан чыгаары менен сотко чейинки өндүрүш башталаарын, ошондой оору жуктурганын жашырган киши 5 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүндүгүн айтты.

Оштун комендатурасынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев алгач оору аталган тургундун чет өлкөдөн келген уулунда табылганын андан атасына жукканын айтты. Атасы болсо андан ары тогуз адамга коронавирус жугузган деди Аширбаев.

«Баласы ооруканада, андан ким менен байланышта болгонун сурасак атасы чыгып жатат. Атасынан сураштырсак 50дөй адам менен карым-канташ түзүлүптүр. Атасы баласы менен байланышта болгонун билип туруп өзү барып обсервацияга жатышы керек болчу. Дене табы көтөрүлгөндөн кийин келбей… Ал эми баласы ким менен контакт болгону башында изилденген эмес экен. Бул жерде тиешелүү кызматтагылардын аракеттери да теришлирилет», — деп түшүндүрдү Аширбаев.

Аталган жаран Жазык кодексинин «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» беренеси менен жоопкерчиликке тартылышы ыктымал. Мыйзамга 3-апрелде киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, «санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин бузуп, массалык оору жуктуруу же жууктуруу коркунучун жараткан жарандар» 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалда мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү