Ошто ишкерлердин нааразычылыгынан алкоголь сатууга тыюу салган буйрук күчүн жоготту

Оштогу өзгөчө абал киргизилген аймактарда спирттик ичимдектерди сатууга кайрадан уруксат берилди. Комендатурадан жергиликтүү ишкерлер жумуштары токтоп калганына нааразы болушкандыктан кабыл алынган буйрук күчүн жоготту дешти.

«Биз 200дөн ашуун жарандын сунуштарын эске алып, тиешелүү адистер менен кеңешип бул буйрукту чыгарганбыз. Тилекке каршы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн да чечимдери керек экен, азыр жер-жерлерде талкуулар болуп жатат. Кайра күчүнө кирип калышы мүмкүн», — деди Оштун комендатурасынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев.

Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 13-апрелде аталган аймактарда өзгөчө абал маалында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салган буйрук чыгарган. Мындай чараны мас абалындагы айдоочулардын көбөйгөнүнө байланыштуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында кабыл алышканын айтышкан. Ошондой эле алкоголь вирустан сактабашын, андан антисептик жасоого мүмкүн эместигин жүйөө келтиришкен.

Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 489га жетти — 208и Ош облусунда катталган. Алардын арасынан 73 жаран Ош шаарынын тургундары.