Видео: Ош шаардык милиция бөлүмүнө залалсыздандыруучу туннель орнотулду

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын мекемесине эки даана дезинфекциялоочу туннель орнотулду. Милиционерлер туннелди 17-апрелден баштап пайдалана башташты. Бул тууралуу «Клоопко» Оштогу коменданттын маалымат борборунун басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Сыдыковдун айтымында, жабдык адам кыймылы менен иштейт. Адам туннелге кирген учурда анын ичиндеги атайын тешикчелерден буу чыгып, чыгып кеткенден кийин токтойт. Ошондой эле мындан ары ар бир кызматкер мекемеге кирерде жана чыкканда туннелден өтүп турушат.

«Өтмөктөгү тешикчелерден суюктук буу сыяктуу чыккан үчүн атайын кийим кийүүнүн деле кажети жок. Анын үстүнөн саналуу секундда эле чыгып кетишет. Бир чети кызматкерлер формасы менен иштешет да. Ал эми атайын кийимди постто турган кызматкерлер албетте кийишет», — деди Сыдыков.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учурлары катталган аймактарга 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Кийинчерээк өкмөттүн сунушу менен президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абал тартибин 30-апрелге чейин узартууга кол койду. Буга байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат кечки 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин белгиленген.

Ош облусунда 17-апрелге карата коронавирустун жаңы 6 учуру катталды. Облустагы жалпы оорулуулардын саны 208ди түздү. Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жуктуруп алуу учурунун эң көбү Ош облусунда катталды: Ош шаары – 73, Ноокат районунда – 101, Кара-Суу району – 24, Өзгөн району – 9, ал эми Чоң-Алай районунда бир учур.