Бийлик гумжардамды бөлүштүрүү сайтында алуучулардын маалыматтарын жашырып койгон

Бийлик 4-апрелде муктаждар үчүн каржылык жана гуманитардык жардамдар түшүп жатканы жөнүндө маалымат жайгаштырылган сайтты ишке киргизген.

Сайтта алуучулар жөнүндө маалыматтар болгон. Эгер акчалар физикалык жактарга которулган болсо, анда алардын аты-жөнүн билүүгө мүмкүн эле, өз кезегинде бул маалымат жардамдар өз дарегине жетип-жетпегинин көрүүгө мүмкүндүк берип турган.

Бирок айрым бир убактан кийин сайтта Саламаттык сактоо министрлиги өз эсебинен каражат жөнөтүп жаткан жардам алуучулардын маалыматтары жашырылган.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамкомитетинин басма сөз кызматынан маалыматтар «Жеке мүнөздөгү маалыматтар тууралуу» мыйзамдын талабына ылайык алынып салынганын билдиришти.

«15-апрелге чейин каражаттар кимдерге бөлүнүп жатканы көрүнүктүү болчу. Бирок юридикалык корутундудан кийин физикалык жактар жөнүндө маалыматтын бардыгы жабылды. Адамдын финансылык абалы тууралуу уруксатсыз маалымат чыгарууга болбойт. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги [акча жөнөткөн физикалык жактар боюнча], ал жакта кошумча жана компенсациялар. Аларды саламаттык тармагынын кызматкерлери алышат», — деп белгилешти ведомстводон.