Бишкек: Окуучу кыз 7-кабаттан боюн таштап каза тапты

Бишкек ШИИБи 19-апрелде көп батирлүү үйдүн терезесинен боюн таштап каза тапкан 14 жаштагы кыздын өлүмү тууралуу кабарлаган. Кыз учуп түшкөндө алган жаракаттарынан улам дароо көз жумган.

Аталган факт КЖБРге катталып, бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.

«Азыркы учурда болуп кеткен окуянын бардык чоо-жайын аныктоо боюнча иликтөө жүрүп жатат», — деп билдиришти Бишкек ШИИБнен «Клоопко».

Окуучулардын арасындагы суицид

Бийлик 16-мартта коронавирустун пандемиясынан улам республиканын бардык мектептеринде карантин жарыялаган. Учурда окуучулар үй-шартында окуп жатышат. ИИМдин маалыматы боюнча, карантин жарыялангандан кийин окуучулардын арасында өз жанын кыйган учурлар көбөйдү.

18-марттан 22-мартка чейин Ысык-Көл жана Чүй облустарында жети мектеп окуучусу өз жанын кыйышкан. Алардын ичинен төртөөсүнүн ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөнү белгилүү болгон.

29-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бир күндө эки окуучу асынып алган.

ИИМ ата-энелерди карантин убагындан балдарына көз салып, аларга жакшы көңүл бурууга чакырды.

«Негизинен, өспүрүм балдар өз жандарын күндүзгү маалда кыйышкан, ал эми чоңдор балдары кайда жүрүшкөнүн билишкен эмес», — деп билдиришти ИИМден.

Ведомстводо окуулардын өз жанын кыйып жатканына алардын жакынкы чөйрөсү менен баарлаша албай жатканы себеп болушу мүмкүн деп эсептешет.

«Инсандын жакынкы чөйрөсү менен өз ара мамиленин бузулушу жан кыйууга жалпы себеп болот. Өспүрүм балдар үчүн көбүнчө жакын адамдар, үй-бүлө же ата-энеси менен баарлашуунун бузулушу себепчи», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.