Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган дагы 2 бейтап каза болду

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирусту жуктуруп алган эки бейтап каза болгонун маалымдады. Маркумдардын бири Чүй облусунан болгон, ал эми жашы 70 жаштан өткөн. Экинчиси Ош шаарынын тургуну — ал 79 жаштагы эркек киши. Үсөнбаевдин айтымында, эки бейтаптын тең мурда өнөкөт оорулары болгон.

«Чүй облусунан [каза тапкан] медициналык жардамга кеч кайрылып, өзүндө да өнөкөт оорулар күч алып турган экен. Медициналык толук жардам берип, өмүрүн сактап калганга жетише албай калдык. Ош шаарындагы каза болуп калган адам болсо медициналык жайда дарыланып жаткан болчу. Бирок дагы эле ошол өнөкөт оорулары бар болгондуктан биздин даарылоодон жыйынтык чыкпай каза болуп калды», — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктурган жалпы жети адам каза тапты. Буга чейин коронавируска чалдыгып каза тапкандардын баары Ош облусунан болгон.

20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 14 учуру катталды — жалпысынан 568 учур. Ооруканаларда 360 адам жатат. Алардын он алтысы оор абалда — оорукананын жандандыруу бөлүмүнө сегиз бейтап которулду.