Ноокатта коронавирус жуктурган 87 жаштагы бейтап каза тапты

Ноокат аймактык ооруканасы. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Клооп

Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканада коронавирусту жуктуруп алган 87 жаштагы киши каза тапты. Ал буга чейин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө болгон.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып өзүмдүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин атынан маркумдун туугандарына, бала-чакаларына көңүл айтып коюуга уруксат этиңиздер», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Ушуну менен коронавирустан каза тапкандардын саны беш адамга жетти. Буга чейин ошол эле Ноокат аймактык ооруканада эки адам жана Ош облусттук ооруканада эки адам кайтыш болушкан. Бирок алардын өлүмүнүн так себеби айтыла элек.

Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирустун жаңы 18 учуру катталды — өпкө илдети жалпысынан 298 адамда аныкталды.