Бишкекте коронавирус жуктурган 53 жаштагы аял каза тапты

Республикалык штаб коронавирусту жуктуруп алган 53 жаштагы аял каза болгонун маалымдады. Бейтап 5-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына оор абалда түшкөн. Буга чейин ал Кемин аймактык ооруканасында даарыланып жаткан.

«Маркумда дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарты бар болчу», — деп маалымдады Республикалык штаб.

Ушуну менен коронавирустан каза тапкандардын саны 8ге жетти. Буга чейин Ош шаарында жана Ош облусунун Ноокат районунда үчтөн, жана Бишкек шаарында бир бейтап каза болгон.

Ал эми 22-апрелге карата өлкөдө коронавирустун жаңы 22 учуру катталды — жалпы 612. Өпкөнү сездеткен илдеттен жалпы 254 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылган, калган 350 бейтап ооруканаларда калууда.