Кочкор-Атадагы оорукананын хирургия жана терапия бөлүмү карантинге жабылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы аймактык ооруканасынын хирургия жана терапия бөлүмү карантинге жабылып, андагы кызматкерлер обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу «Клоопко» мэриянын аппарат башчысы Чыныгүл Турдуматова билдирди.

«Майлуу-Суу шаарынан вирусту жуктуруп алган жаран келип, ал эжеси менен бирге ооруканага кайрылгандыгы аныкталган. Республикалык штабдын облустагы өкүлдөрү менен биргеликте ыкчам чогулушта коронавирус жуктурган адам кайрылган бөлүмдөрдү карантинге жабуу чечимин кабыл алдык», — деди Турдуматова.

Аппарат башчы дагы башка байланышта болгондор такталып, шаарда дезинфекция иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жалал-Абад облустук штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев «Азаттыкка» билдиргендей, оорукананын 14 кызматкери жана төрт бейтап обсервацияга алынды.

Буга чейин үй карантинде болгон Майлуу-Суу шаарынын тургуну экинчи жолку тапшырган тесттин жыйынтыгын күтпөстөн Кочкор-Ата шаарына келгендиги маалымдалган. Ал жаран күйөөсү менен араздашып кеткен эжеси менен бирге алгач аймактык ооруканага, андан соң милицияга барышкан. Көп өтпөй анын кайталап жасалган анализи коронавирус бар экенин аныктаган.

Жалал-Абад комендатурасынын маалымат борбору аталган жаран үй карантинин бузгандыгы үчүн жоопко тартылаарын билдиришти. Учурда анын санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузгандыгы боюнча териштирүү жүрүүдө.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын алгачкы учуру Жалал-Абад облусунда катталган. Өпкө илдети аныкталган үч жаран тең Сауд Арабиядан кичи ажылыктан келишкен. Алар Сузак районунун Благовещенский айылынын тургундары болгон.

22-апрелге карата коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 612ни түздү. Анын 109у Жалал-Абад облусунда. Анын ичинен Сузак районунда 84, Ала-Бука районунда 13, Аксы районунда эки, Жалал-Абад шаарында жети, Кара-Көлдө бир жана Майлуу-Сууда эки учур катталган.