Өткөн сутка дагы 10 медкызматкерден коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Кыргызстанда 22-апрелге карата дагы 10 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Өпкө илдетин жуктуруп алгандардын экөөсү Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда жана Нарын шаарында бирден медкызматкер, ал эми Ош жана Бишкек шаарларында үчтөн медкызматкерде COVID-19 табылды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 157ге жетти. Алардын он үчү илдеттен айыкты. COVID-19га чалдыккандардын арасында 45 дарыгер, 68 орто медперсонал, 24 кичи медперсонал жана 20 дагы башка кызматкерлер бар.

Буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов иш убактысында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом кун төлөнөөрүн маалымдаган. Эгерде COVID-19 жуктурган медик кокус кайтыш болуп калса, анда маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилээри айтылды.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 612ге жетти. Алардын ичинен 254 адам илдеттен айыгып, жетөө каза тапты. Өлкө боюнча обсервацияда 351 адам жатат.