ЖЭБдеги авария иши: Сапар Исаков Петровкадагы колонияга которулду

Мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаков Чүй облусундагы Москва районунун Петровка айлындагы колонияга которулду.

ЖАМК маалымдагандай, ТИЗО №1 толуп калгандыгына байланыштуу Исаковду жана ЖЭБ иши боюнча өтүп жаткан башка аткаминерлерди бөлөк колонияларга которушкан.

«Бүгүнкү күндө Бишкектеги ТИЗО-1 толуп калды. Жагдай убактылуу кармоо изоляторундагы камактагыларды жаза өтөө жайларына которууга аргасыз кылып жатат, себеп дегенде изоляторлордун өзү да толуп калган. Соттолгондорду которуу ишке ашырылды», — деп билдирген ведомство «Азаттыкка».

Дагы бир мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дагы которулат, бирок Бишкектеги №47 колонияга.

«Электр станцияларынын» экс-директору Салайдин Авазов Молдовановкадагы №27 колонияга которулду. Молдовановка Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан.

Бишкек ЖЭБи тууралуу иште Сапар Исаков 15 жылга, Сатыбалдиев 7,5 жылга, ал эми Авазов 11 жылга эркинен ажыратылган.

ТЕМА БОЮНЧА: