«Бардык мугалимдердин маяналары толугу менен сакталып, төлөнүп берилет» — Билим берүү министрлиги

Мектепке чейинки балдарды окуткан кыргыз тил мугалимдери эмгек маяналары эки эсе кыскарганы (эмгек стажына жараша 1400дөн 4300 сомго чейин) тууралуу айтып кайрылуу жазышкандан кийин Билим берүү министрлиги мугалимдердин маяналары толук сакталат деп «Клоопко» билдирди.

«Аралыктан окуутуу маалында, Кыргызстандын бардык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек маяналары сакталат жана төлөнүп берилет. Ошондой эле, административдик, техникалык жана кенже тейлөө персоналына да акча төлөнүп берилет», — деп билдиришти министрликтен.

Тагыраагы, мектепке чейинки балдарды окутуу мекемелеринин, мектептердин жана ЖОЖдордун окутуучуларынын маяналары толук бойдон калат. Көбүнө бул иш кирешенин жалгыз булагы болгондуктан, толук эмгек акысы сакталат.

«Эмгек маяна ушул кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрүнө кирешенин жалгыз булагы болгондугуна байланыштуу, билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлеринин эмгек акылары сакталып, төлөнүп берилет», — деп билдирди ведомство.

Министрлик окуу жайларынын кызматкерлери алгач узак мөөнөттүү каникулга, андан кийин ӨА режиминен улам аралыктан иштөөгө жөнөтүлгөнүнө таянууда.

Кыргыз тил мугалимдеринин кайрылуусу

Чүй облусунун Аламүдүн районунда мектепке чейинки балдарды окуткан кыргыз тил мугалимдери депутаттарга, Билим берүү министрлигине жана кыргызстандыктарга кайрылуу жазашкан. Алар эмгек акылары ансыз деле аз болуп, жакында гана аны бир аз, 3000-5000 сомдон 4300-7000 сомго чейин көбөйтүшкөнүн айтып беришкен болчу.

Бирок өзгөчө абал режими учурунда эмгек акы эке эсе кыскарып, бул сумма ошол бойдон калат деп окутуучулар коркушкан. Аларга буга чейин маяналарын туура эмес көтөрүшкөнүн жана эмгек аныны көтөрүлүшү мектеп мугалимдерине гана тиешелүү болгонун айтышкан.

«Эми мындан ары ушундай айлыкка иштейсиңер дейт. Ушундай оор кырдаалда 2500 сомго кантип балдарыбызды багабыз?» — деп суроо салышкан алар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бала бакчадагы кыргыз тил мугалимдери маяналары 50% азайтылганына даттанышты