Оштун милициясы шашлык менен пикник уюштургандарга карата сотко чейинки өндүрүш баштады

Ош шаарынын бир нече тургундары өзгөчө абалга карабастан шашлык жасап, пикник уюштурушту. Милиция аталган факт боюнча «Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Ош шаары жана Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун комендатурасынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев окуя бир апта мурун болгонун кабарлады.

Териштирүүнүн натыйжасында, көп кабаттуу үйдүн жашоочулары акча чогултушуп, азык-түлүк сатып алып короодо шашлык бышырышкан. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш-чаранын уюштуруучусун аныкташты.

Мыйзамга 3-апрелде киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул берене боюнча күнөлүү деп табылган жашы жеткен жарандарга 30 миңден 60 миңге чейин айыппул салынат же болбосо жаран 40тан 60 саатка чейинки убакытка коомдук иштерге тартылат. Ошондой эле бул беренеде жашы жеткендерге жарым жылдан бир жылга чейин эркиндикти чектөө чарасы каралган.

*Эркиндикти чектөө жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган адамга карата сот тарабынан анын эркиндигин чектеген белгилүү бир милдеттерди жүктөөдө турат жана бул жаза адамды коомдон бөлбөстөн, анын жашаган жери боюнча, пробация органынын көзөмөлүндө өтөлөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаалда мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү