Кыргызстанда дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, акыркы бир сутка ичинде COVID-19га чалдыккан дагы 25 бейтап айыкты. Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган тесттери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.

Оорудан айыккандардын 10у Бишкек шаарында, алтоосу Нарын облусунда, бирөө Ош облусунда, экөө Ош шаарында жана дагы алтоо Жалал-Абад облусунда катталган.

Жалпысынан республика боюнча коронавирустан 370 адам айыкты.

Оорудан айыгуу аларда коронавируска иммунитет бар дегенди билдирбейт — дүйнө жүзү боюнча, айыккандар вирусту кайра жуктуруп алган учурлары тууралуу бир нече жолу кабарланган. Айыккан адамдар дагы эки жума дарыгерлердин кароосунда үй карантининде болушат.