Ала-Букада боюнда бар аял COVID-19дан эки аптада айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда COVID-19ду жуктуруп алган кошбойлуу аял илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бейтап ооруканага коронавирус менен түшкөндө беш айлык боюнда бар болгон.

«Вирус аныкталгандан кийин медиктер мени ооруканага жаткырышты. Оору симптомсуз өткөн, дене табым ордунда болгон. Бул мен үчүн күтүлбөгөндүк болду. Башында шок абалда болдум, күмөнгө кооптондун. Бирок баары жакшы болот деп медиктер мени тынчтантты. Күндө кароо жүргүзүп менин абалымды сурап жатышты. Бир нече жолу мага вируска каршы дарыларды беришти. Чыгымдардын баарын оорукана өзүнө алды. Медиктер бизди колдоп, камкордук көрсөткөнү үчүн биз аларга ыраазычылык билдиребиз», — деген ооруканадан чыгарылган аял.

Аялдын айтымында ал үчүнчү баласын күтүп жатат. Ал стационарда 14 күн дарылангандан кийин анын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтыктарды көрсөткөн. Учурда бейтап үй карантинине чыгарылды.

Ал эми Ала-Бука аймактык ооруканада 14 бейтап дарыланууда, алардын ичинде медкызматкерлер дагы бар.