Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыктан Кой-Таш окуясы боюнча сотко катышуудан баш тартты

7-8-августтардагы Кой-Таш окуялары боюнча сот отуруму адвокаттын жана айыпталуучунун жоктугунан улам кайрадан жылдырылды. Бул иш боюнча айыпталуучу катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өтүүдө. Эми сот отуруму 29-апрелде өтөт.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн фейсбук баракчасында «Атамбаевдин ден соолугу ага сот отурумуна катышууга жол бербей тургандыгын» жазган.

Ал эми Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдиргендей, мурдагы президент өзүнүн укугуна таянып, сот отурумуна катышуудан баш тартуу тууралуу арыз жазган.

«Анын абалы тууралуу айтсак, кан басымы төмөндөп кеткен жана туруктуу эмес. Атамбаевге толук медициналык кароо керектелет жана ал УКМКнын ТИЗОсунун шартында [өтпөшү] керек», — деп билдирген Слесарев.

УКМКнын маалымат борборунан Атамбаевдин абалын «канааттандыраарлык» деп аташып, бирок ал күнү-түнү дарыгерлердин кароосунда болуп атканын кошумчалашты.

Бул Атамбаевдин сот отурумуна катышуудан баш тартып аткандагы биринчи жолку учуру эмес. Өткөн жылдын октябрь айында ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча «болуп жаткандын баары мыйзамсыз» экенин билдирип, сот отурумуна катышуудан баш тарткан.

Кой-Таш окуялары же Атамбаевдин үйүн штурмга алуу

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Күч органдары Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Штурмдун биринчи күнү, 7-августта, Атамбаевдин тарапташтары атайын операция жүргүзүп жаткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алышкан.

Атамбаев камалгандан кийин, ал айыпталуучу катары өтүп аткан «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон.