Парламент 30-апрелде өзгөчө абал режимин узартуу маселесин карайт — Бекешев

Депутат Дастан Бекешев 24.kg басылмасына билдиргендей, азырынча парламентке өзгөчө абалды узартуу тууралуу президенттин жарлыгы менен бекитилген Коопсуздук кеңешинин эч кандай тапшырмасы келе элек. Бирок кандай гана болбосун депутаттар бул маселени 30-апрелде карашат.

«Кыязы, биз Казакстанга окшош жолду тандап, ӨАны 11-майга чейин узартышыбыз ыктымал. Бирок, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев мурда айтып өткөн кээ бир жеңилдетүүлөр менен [узартабыз]. Тагыраагы, таксиге, кээ бир ишканаларга, айрыкча унаа оңдоочу жайларга иштөөгө уруксат берилет», — деди Дастан Бекешев.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-апрелде парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушкан.

Жээнбеков эпидемиологиялык кырдаалга жараша айрым райондордо жана жалпысынан республика боюнча ишканалардын ишин этап-этабы менен жандантуунун ар кандай жолдорун карап көрүү керектигин билдирген.

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев буга чейин билдиргендей, шаарда 30-апрелден тарта күнүмдүк акча таап иштеген мекемелер үчүн карантин жеңилдетилет. Анын айтымында, курулуш, унаа оңдоочу жайлар, желимдөө станциялары жана такси кызматтары иштеп баштайт.

«Бирок ушул тармактардын бардыгы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сакташы керек болот. Таксиде жүргүнчүнүн саны экиден көп болбошу керек. Ошондой эле, бул тармактарда иштегендердин баары беткап тагынып, бири-биринен бир жарым метр алыс аралыкты сакташы керек», — деди комендант.

Бийлик 25-мартта коронавирус жуктуруунун көп учурлары катталган райондор менен ири шаарларда ӨА режимин киргизген. Андан соң 15-апрелде ӨА режими айдын аягына чейин узартылган. Карантинге байланыштуу чаралардан улам шаарда бүткүл ишканалар жумушун токтоткон.

27-апрелге карата өлкөдө коронавируска чалдыгуунун 695 учуру катталып, ошол эле кезде жуктургандардын жарымынан көбү айыгып ооруканалардын чыгарылды.

Өлкөдө пандемия убагында COVID-19 аныкталган сегиз адам каза тапкан.