Ноокат районунда 54 медкызматкер обсервацияда калууда

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Ош облусунун Ноокат районундагы обсервацияларда бир гана дарыгерлер калууда. Бул тууралуу «Клоопко» Ноокат аймактык оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов билдирди.

«Бүгүнкү күндө обсервациядан 31 медицина кызматкери чыгарылды, дагы 54 медик бир жумада чыгарылат», — деди Марипов.

Оорукананын жетекчиси обсервациядан чыгарылган медиктер жумушка кайтышканын кошумчалады.

Ноокат районунда коронавирустун алгач үч учуру 20-мартта катталган. Коронавирусту жуктуруп алган үч аял Сауд Арабиядан келгени маалымдалган. Ошол эле күнү аймактын айрым айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Мариповдун айтымында, райондон Сауд Арабияга жалпысынан 142 жаран барып келген. Тургундар Кыргызстанга келгенден кийин ажы той өткөрүшкөндүктөн коронавирус тез жайылып кеткен.

29-апрелге карата Ноокат районунда жалпысынан коронавирустун 113 учур катталган. Алардын ичинен 93 бейтап айыгып, үчөө каза тапты. Ооруканада 17 адам калууда — алардын арасында эки медкызматкер бар.

Ал эми өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 729га жетти — алардын 191и медкызматкер. Өпкө илдетинен жуктуруп алгандардын дээрлик 60 пайызы айыгып, ооруканалардан чыгарылышты. Каза тапкандардын саны 8 адамды түздү.