1-майга караган түнү Бишкектеги блокпосттордун баары алынат — ИИМ

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев 30-апрелде парламенттин жыйынында 1-майга караган түнү Бишкектеги блокпосттордун бардыгы алынаарын айтты.

«Бүгүн түн жарымдан баштап бардык ички блокпосттор алынат. Болгону жөө жана автоунаа кайгуулу калтырылат», — деп билдирди ал.

1-майдан тарта айрым ишканадар ишин баштай алышат, ал үчүн атайын өткөрмө барактарын алуу керектелет. Депутат Дастан Бекешев жыйында комендатура менен ИИМдин чечимин логикасы жоктугун айтты.

«Ал посттор алынса анда электрондук өткөрмөнүн кереги эмне? Ал качан даярдалат? 120 миң адам жумушка чыгат, ал өткөрмөлөрдү кантип алышат?», — деди ал, бирок комендатура үлгүрөөрүн жана билдирмелер жарым мүнөттө каралууда деп ишендирди.

Айрым мекемелер иштеп баштай турганы менен чектөөлөр сакталат, анткени өлкөдө ӨК режими күчүндө, ал эми Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

Мисалы, Боронов 10-майга чейин ӨА режими иштеп аткан шаарларда уруксат документтери жок, «өзгөчө жеке унаалар менен» жүрүүгө болбосун билдирген. Ошол эле кезде болгону коомдук транспорт — троллейбус жана автобустар гана — 11-майдан тарта иштей алышат. Бирок бул транспорттордун маршруту чектелүү жана алар көптөгөн райондорго бара алышпайт — мисалы, конуштарга. Анткен менен 1-майдан тарта такси кызматтары иштей башташат.

Бир жакка баруу үчүн маршруттук баракча керектелет, ал эми өлкө ичинде бир облустан башка облуска барса болот.