COVID-19га чалдыккан милиционерлерге компенсация төлөнөт — ИИМдин башчысы

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 30-апрелде парламенттин жыйынында коронавирус жуктуруп алган милиционерлерге компенсация төлөнүп берилээрин билдирди.

«Иликтөө жүргүзүлүп, жуктуруунун жагдайлары, жугуу жумушта же жумушта эмес болгону аныкталгандан кийин компенсация төлөнүп берилет. Компенсациянын өлчөмү уставда жазылган», — деди министр.

Саламаттык сактоо министрлиги 22-апрелде 12 милиция кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын билдирген.

Ошол эле кезде коронавирусту көбүнесе медиктер жуктурушууда. 30-апрелге карата 195 медкызматкерде COVID-19 диагнозу тастыкталган. Бүгүнкү күндө алардын 105и айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Бийлик медиктерге да 200 миң сом компенсация төлөп берүүнү убада кылган, бирок иликтөө жүргүзүлгөн кийин гана.

Республика боюнча 30-апрелге карата жалпы 746 жуктуруу учуру катталган. Алардын ичинен 462 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми пандемия башталгандан бери өлкөдө 8 адам каза тапкан.