Таластын мэрине карата гумжардамды ыйгарып алуу боюнча иликтөө башталды

«Turmush» басылмасы Талас шаарынын мэриясына таянып, калаанын мэри Айдар Жузупбековго карата иликтөө башталганын кабарлады.

Мэриянын маалыматы боюнча, Жузупбеков муктаж үй-бүлөлөр үчүн бөлүнгөн каражаттардын бир бөлүгүн ыйгарып алуу иши боюнча көрсөтмө берип жатат.

Мэр «Клоопко» берген интервьюсунда да УКМК иликтөө жүргүзүп жатканын бышыктап, кармабаганын жана азырынча көрсөтмө берүү үчүн чакырыла электигин белгиледи.

Мэриянын маалыматы боюнча, өкмөт тургундарга гуманитардык жардам берүү үчүн Таласка 777 600 сом бөлгөн. Бул акчага азык-түлүк баштыктары чогултулуп, ар бир баштыктын баасы 800 сомду түзгөн. Жалпысынан 972 азык-түлүк баштыгы чогултулган. Ар бир баштыкка ун, күрүч, шекер, май, буурчак жана башка азыктар салынган.

Жузупбеков «Клоопко» айтып бергендей, азык-түлүк баштыктарынын салмагы кем чыгып калгандыктан, ал өзү жана мэриянын кызматкерлери уурдоого шектелип жатышат. Мэрдин айтымында, салмактын кем чыгышына адамдык фактор себеп болгон.

«Кызматкерлерим эки айдан бери тыныгуусуз, дем алышсыз, түндөп иштеп жатышат, чарчашты. Анын үстүнө, бизде мындай учур биринчи жолу болуп жатат, баары коркунуч абалда, дээрлик дүрбөлөң болууда. [...] Кечки маал дүкөндүн кызматкерлери да чарчап калышты: баары жакшы келаткан, анан таразалап баштасак — [күрүчтүн] салмагы кем чыгып калды», — деди ал.

Калаа башчысы муктаждарга азык-түлүк жеткирилген күндүн эртеси УКМКнын кызматкерлери муниципалитетке тинтүү ордери менен кайрылышканын да айтып берди. Алар даректерине жеткириле элек топтомдорду тартып көрүп, мэрге, мэриянын кызматкерлерине жана гумжардамды бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөлөрүнө айып тагышкан.

«УКМК атайылап уурдалды деп ойлоп жатат, бирок бизде эч кандай жаман ой болгон эмес. Баштыктарды үй-бүлөлөргө таратып жатканда аларга боорубуз ооруган, [...] эми андан кантип алмак элек?!» — деп айтты Жузупбеков.

Анын айтымында, мэрия Таластагы эң ири дүң соода дүкөнү менен минималдык баа боюнча сатып алуу тууралуу оозеки макулдашкан. Жети азык-түлүктөн турган топтомдорду өлчөп, ороо иштерине дүкөн да жоопкерчилик алган.

«Өзгөчө кырдаал режиминде бардык сатып алуулар башкача кылынат, акча башка берене боюнча бөлүнөт. Эгер кадимки мезгил болсо, анда мунун үстүндө сатып алуу бөлүмү иштемек, тендер өткөрүшмөк. Өзгөчө кырдаал учурунда биз ыкчам түрдө бардык адамдарга жеткирип беришибиз керек», — деп айтып берди мэр «Клооптун» кабарчысына курган маегинде.

Муниципалитеттен «Турмуш» басылмасына азык-түлүк сатылып алынган дүкөн бул окуя боюнча күнөөнү мойнуна алганын билдиришкен. Дүкөн кем чыгып калган азыктын ордун толтуруп берүүнү убадалаган.