Жалпы республикалык тестирлөө июнь айында өтөт

Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТнын өтө турган күнүн маалымдады. Ал эки этап менен өтөт.

Биринчи этаптын негизги тести 21-июнда, предметтик тест 22-июнда өтөт.

Экинчи этаптын негизги тести 24-июнда, предметтик тесттики 25-июнда өтөт.

«Бул үчүн орун жайлар алдын ала дезинфекцияланат, абитуриенттердин ортосунда социалдык аралык сакталып, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат», — деп айтты билим берүү министри Каныбек Исаков.

Тест сынагына катталуу 4-майда жанданат. Мектеп бүтүрүүчүлөрүн каттоо 15-майга чейин уланат. Тестирлөөнүн жыйынтыктары 13-июлдан 19-июлга чейин таркатылат.

Мурдараак, вице-премьер Аида Исмаилова тест сынагына бүтүрүүчүлөрдүн 80% катталганын билдирген. Ошондой эле ал тестирлөөнү аралыктан өткөрүү мүмкүн эместигин айтып, ал карантинден кийин өткөрүлөөрүн билдирген.

1-июлдан тарта орточо кесиптик окуу жайларына — колледж, лицейлерге документтерди кабыл алуу башталат.

ЖОЖдорго тапшыруу үч тур менен өтөт: 20-июлда, 27-июлда жана 3-августта.

ТЕМА БОЮНЧА: