Жалпы республикалык тестирлөөнү кантип ийгиликтүү тапшырса болот?

Май айынын аягында мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтүшөт, ал эми анын жыйынтыктары жогорку окуу жайга (ЖОЖ) өтүүгө таасир этет. Тесттен өтүү же ага даярдануу көптөгөн окуучуларда стресс жана кулап калуу коркунучунун жаралышына алып келет, анткени мугалимдер менен ата-энелер балдардын келечеги ЖРТнын жыйынтыктарына жараша чечилет деп айтып келишет (чынында андай эмес).

«Клооп» тестке даярдык көрүү тууралуу ЖРТ түзүүчүлөрүнүн, психологдордун жана алтын сертификаттардын ээлеринин кеңештерин чогултту.

  • Тесттин логикасы менен түзүлүшүн түшүңүз

Буларды түшүнүү үчүн сынамак тесттен өтүп көрсө болот. Алгач, реалдуу экзамендегидей атмосфера түзүш керек: башкалардан обочолонуп, белгилүү бир убакытты белгилеп коюп тапшырмаларды аткарууга киришиңиз (тапшырмаларды testing.kg сайтынан бастырып алып же онлайн өтсө болот).

Тесттин ар бир бөлүгүнө бир жумада бир нече саат бөлүү менен кээ бир сабактар боюнча билбеген жерлерди таап, аларды толуктап алса болот. Алтын сертификаттардын бирине ээ болгон Дина мындай ыкма менен орус тили боюнча билбеген жерлерин бекемдеп, тестти ийгиликтүү тапшырып алганын айтып берди.

  • Даярдоо курстарына барса болот

Эгер сиз тестке өз алдынча даярдангыңыз келбесе, анда ЖРТны тапшыруу үчүн даярдык ийримдери бар. Studylabдын негиздөөчүсү Азамат Нуриддиновдун айтымында, алар мектеп окуучуларды аналогияларда логикалык байланыштарды түзүүгө, оор терминдерди оңоюраагына алмаштырууга жана математиканы жашоодогу мисалдар менен түшүндүрүүгө үйрөтүшөт.

Анын айтуусу боюнча, мектептер түшүнүүгө үйрөтпөстөн, көнүгүүлөрдү чечүүчү даяр алгоритмдерди беришет — бул мектептердин негизги маселеси.

Мындай ийримдер өлкөдө жетишерлик көп жана алардын баасы айына 1500 сомдон 8000 сомго чейин болот. Бирок, ЖРТны түзгөн тестирлөө борбору алар менен бир дагы коммерциялык уюм кызматташпайт деп түшүндүрөт.

«Кээ бир даярдоочу борборлор өз кардарларына “ийримдин” аякташы менен ЖРТнын эң сонун жыйынтыктарын убадалашып, аларга жалган үмүт беришет, муну менен бирге аларда көбүнчө керектүү деңгээлдеги компетентүүлүк жана адискөй билим берүүчү сапаттары жок болот», — деп эскертет тестирлөө борбору.

Тестирлөө борборунан тестке өз алдынча даярданууну сунушташат, бирок бул үчүн бир ай жетишсиз болушу мүмкүн.

«Өз күчүңөрдү чактап, билимди ар кайсы булактардан топтогула, аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүргүлө, окуу жөндөмүн курчуткула», — деп кошумчалайт борбор.

ЖРТга даярдануу боюнча жыйнактарды сатып албаңыз — алар бир нече жыл мурун түзүлгөн жана аларда көптөгөн жөнөкөй каталардан баштап басмадан кеткен каталар кездешет.

  • Экзаменден кулап калууга даярданбаңыз

Психолог Тынчтыкбек Бакытов тесттен кулап калуу мүмкүндүгү жөнүндө ойлонбоону сунуштайт. Өзүңүздү ийгиликсиз тестке даядабаңыз.

Экзамендин алдында өзүңдү позитивге даярдоо маанилүү, анткени мыкты жыйынтыкты пландоо жана ага даярдануу ийгиликке алып келет.

Жадаткыч коркуу сезиминен арылуу үчүн жакшылап максат коюу керек. Мээ өз программабызды аракетке өткөрүүчү нускама сыяктуу кабыл алат. Эгер мен тапшыра албай калам деп сезсем, корксом же кабатырлансам мээ баарын чындыктай кабыл алат.

Алдыга конструктивдүү жана иш жүзүнө ашырууга боло турган максат коюу маанилүү. Ал позитивдүү болуп, анын анык убакыттык чектөөлөрү болуусу абзел. Жыйынтыкты көркөмдөп элестетиңиз — экзаменге байланыштуу учурду эң позитивдүү мааниде караңыз.

  • ЖРТга бир күн калганда жаттап баштагандын кереги жок, анткени бир жылда жаттай албаганды бир күндө ишке ашыруу мүмкүн эмес. Жөн гана уйкуңузду кандырып алыңыз!

Тестти ийгиликтүү тапшырган бүтүрүүчүлөр уйкуну кандарып алуу экзамендин алдындагы стресстен арылууга жардам берет деп эсептешет. Уйкуну кандырып алыш керек, анткени сапаттуу уйку — бул өз абалыңды жакшыртуу үчүн мыкты ыкма, ал ашыкча тынчсызданынууну жок кылат. Экзаменге келгенде күчүңүздүн толо түшкөнүн жана өзүңүздү сергек сезесиз.

  • Тесттин алдында тынчтандыруучу дарыларды ичпеш керек

Канчалык толкундансаңыз да валерьянка таблеткаларын жутуунун кажети жок. Адистер тынчтандыруучу дарыларды ичүү кунт коюуну басаңдатып, мээнин иштешин жайлатышы мүмкүн деп эскертишет. Анын ордуна суу ичип алыңыз.

Дем алуу көнүгүүлөр да ашык болбойт. Бул толкундоону басаңдата ала турган мыкты ыкма. Үч жолу терең дем тартуу жана дем чыгаруу сыяктуу жөнөкөй көнүгүү мээнин кычкылтек алышына жана жакшы эс алышына мүмкүнчүлүк түзүп берет. Тестке адаттагы текшерүү ишине кылгандай эле мамиле кылыңыз.

  • Капканы бар тапшырмалар болот

«Кыйын тапшырмалар жок, бирок кээде маанисиз тапшырмалар келип калат да алардын айынан бардык жерден капкан издеп каласың», — деп айтып берди алтын сертификаттын ээси Максим Сыразетдинов. ЖРТ башка тесттер менен экзамендерден ушунусу менен айырмаланат. Эгер тапшырманы оңой жана бат чечип алып, бир жерде бир капкан бар деп ойлоносуң. Эгер убакыт бар болсо баарын бир сыйра текшерип алып андан ары өтүш керек.

  • ЖРТдан кулап калганда эмне кылуу керек?

Дайыма кошумча вариантты камдай жүрүш керек — эгер бул жылы тапшыра албасаң, үмүттү үзбөстөн эмки жылы дагы аракет кылып көрүш керек. Ошондой эле университеттерге караштуу коллеждерге тапшырып же кесиптик окуу жайга окуганы барса болот.

ЖРТны талап кылбаган ЖОЖдор дагы бар, бирок алардын баары чыгармачыл багытка байланыштуу — ал жакта сүрөт тартканды, ырдаганды жана бийлегенди билүү зарыл. Ошондой эле ЖРТнын жыйынтыктарына карабаган чет өлкөлүк ЖОЖдорго да тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Тест сиздин интеллектиңиздин көрсөткүчү эмес экенин эстен чыгарбаш керек. Муну баары баштан өткөргөн — эгер бала андан кулап калса анын өмүрү ошону менен эле токтоп калбайт.

Автору: Айдай Манаева

Тема боюнча:

«Кол куушуруп отуруп калбоо жана кошумча вариантка ээ болуу». ЖРТда аз упай алып калсаң эмне кылуу керек?